Министр Ибраев: Кышында бир дагы керектөөчү электр жарыксыз калбашы керек!
Опубликовано: 05 января 2023
КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев:
Кышында бир дагы керектөөчү электр жарыксыз калбашы керек!
Бүгүн, 5-январь күнү КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жолугуп, жыйын өткөрүштү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан улуттук электр тармагы ишканасынын жетекчиси Алтынбек Рысбеков тарабынан 2022-жылы жасалган иштер боюнча маалымат берилип, 2023-жылга коюлган пландар тууралуу сөз болду.
КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыш мезгилинен керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу маселесине токтолуп, авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында көмөк чордондорду жана аба чубалгыларын текшерүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берди.
КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев кызматкерлерге кыш мезгилинде калк жылуулук жана жарыксыз калбашы керек экенин эскертип, баардык энергетиктерди ыкчам иштөөгө чакырды.
Эске сала кетсек, учурда Энергетика кызматкерлери керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында эс алуусуз иштеп жатат.
Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.