Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.
Опубликовано: 14 апреля 2023

Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган документке ылайык электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с.

Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт.

Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.

Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат.

Белгилей кетүү керек, КМШ өлкөлөрүнүн жана дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн ичинен калк үчүн эң арзан электр энергиясы – Кыргызстанда. Өлкөбүз суу-энергетикалык ресурстарга бай болгону менен, бүгүнкү күндө кыйынчылыктарга туш болууда, атап айтсак, электр энергиясына болгон ички суроо-талапты жаба албай жатат жана аны импорттоого аргасыз болууда. 

Тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр Советтер Союзунан бери алмаштырыла элек энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет. Иштеп жаткан жылуулук жана гидроэлектростанцияларды реконструкциялоого жана модернизациялоого карабастан, учурда энергетика жабдууларынын 80%дан көбү эскирген абалда калууда.

Тарифтерди жогорулатуунун натыйжасында алынган каражаттар эскирген жабдууларды модернизациялоого багытталат. Бул өз кезегинде энергетика объекттериндеги аварияларды жана системалуу өчүрүүлөрдү алдын алууга мүмкүндүк берет.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости