“Северэлектро” ААКы 14-сентябрдан баштап, дебитордук карызы бар өндүрүш абоненттерин өчүрөт” деген маалымат 11-сентябрда компаниянын жана башка бир катар сайттарга чыккан жана карызы бир миллиондон ашкан турмуш-тиричилик эмес абоненттердин тизмесин жарыяланган. Бирок “Азаттык” сайты маалыматты, “Түндүкэлектр” ААК 14-сентябрдан баштап электр энергиясына чектөө киргизет” деген таризде берген. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна шилтеме берип башка маалымат каражаттар таркатып, элди дүрбөлөңгө салды. Азаттык сайты өз катачылыгын мойнуна алып, макаланы өзгөрттү (https://www.azattyk.org/a/30837081.html ).
Урматтуу ММК өкүлдөрү! Компания боюнча маалымат таратууда тактап коюшуңарды суранабыз.
Урматтоо менен “Северэлектро” ААКнын Басма сөз кызматы