Көчмөндөр оюнуна карата биз тараптан бир катар иштер жасалууда
Опубликовано: 11 сентября 2019

- Акылбек Касымбаевич кыштын камын, жайда көр демекчи күз-кыш мезгилине карата аткарылган иштериңиз тууралуу  айтсаңыз.

- Ооба туура айтасыз. Кыштын камын, жайда көр дегендей оңдоо иштери, кышка даярдануу иштери өз нугунда жүрүүдө. Алсак жалпысынан электр жабдууларын оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине 31459,678 миң сом пландалса, 31933,558 миң сомго аткарылды, б.а. 101,5 пайызга аткарылды. Анын ичинен:

- оңдоо жалпы – 9272,724 м. сом пландалса, 9622,410 м. сомго   же 103,8 пайызды түзгөн.  

- техникалык тейлөө – 22186,954 м.сом пландалса, 22311,148 м.сомго же 100,6 пайыз. Электр жабдууларын ондоонун  аткарылышы:

- ТП-10/0,4 кВ план – 122 даана, аткарылышы – 157 даана, же 128,7 пайыз.

- ВЛ-10 кВ план – 202,88 км, аткарылышы – 208,18 км, же 102,6 пайыз.

- ВЛ-0,4 кВ план – 164,73 км, аткарылышы – 182,63 км, же 110,9 пайыз.

- ПС-35 план – 1 даана, аткарылышы 4 даана.

- ВЛ-35 план – 20,0 км, аткарылышы – 20,0 км, же 100,0 пайызды түздү. Ал эми электр жабдууларын техникалык тейлөөнүн  жети айдын планы жана аткарылышы:

- ТП-10/0,4 кВ план – 601 даана, аткарылышы – 601 даана, же 100 пайыз.

- ВЛ-10кВ план – 1015,04 км, аткарылышы – 1015,04 км, же 100 пайыз.

- ВЛ-0,4 кВ план – 817,36 км, аткарылышы – 817,36 км, же 100 пайыз.

- ПС-35 план – 6 даана, аткарылышы – 6 даана, же 100,0 пайыз.

- ВЛ-35 план – 107,15 км, аткарылышы – 107,15 км, же 100,0 пайыз.

- Капиталдык курулуштарга канча каражат каралды? Аткарылышы кандай?

-Капиталдык курулушка жалпысынан 2019 жылга  - 65486,3 м.сом акча каражаты каралса, жети айдын ичинде 14752,155 м.сомго аткарылды, же 23 пайызды түздү.

Анын ичинде:

- жалпы реконструкция план – 149,2 км 64389,14 м.сом., аткарылышы 159,450 км 72623,580 м.сом, же 112,8 пайыз.  

- реконструкция:  ВЛ-10 кВ план – 8 км  -2377,7 м.сом, аткарылышы -2 км 667,477 м.сом, же 25 пайыз.

- Реконструкция ВЛ-0,4 кВ СИП провод монтаждоо план – 36,38 км 12733 м.сом, аткарылышы 7,8 км   4034,88 м.сом, же 21,4 пайызды түзгөн.

-Кошумча көмөкчордон орнотуу, чубалгыларды тартуу иштерин да кошумчалай кетсеңиз.

- 2019-жылга жалпы көмөкчордондорду орнотуу жана эсептегичтерди сыртка чыгаруу жумуштары – 65486,3 м.сомго пландалса, жети айдын ичинде 14752,155 м.сомго аткарылды, же 22,5 пайыз:

- кошумча көмөкчордондорун орнотуу план – 8 даана 2079,10 м.сом, аткарылышы 6 даана 1230,513 м.сом, же 75 пайыз.  

- көмөкчордон кубаттуулугун жогорулатуу план – 14 даана 2432,1 м.сом, аткарылышы 14 даана 2039,89 м.сом, же 100 пайызды түзгөн.  

- ПС-35/10 «Грозное» көмөкчордондун  кубаттуулугу  4000 кВАден  6300кВАге   жогорулатылды.

- эсептегичтерди сыртка чыгаруу (ВПУ) АИИСКУЭ – 10563 даана 45056,20 м.сом, аткарылышы 2773 даана 6410,881 м.сом, же 26,3 % түзгөн.  

- Быйыл президентибиз Сооронбай Жээнбеков демилгелеген улуттук көчмөндөр оюну Талас өткөнү жатат. Оюндар өтчү жерлерди жарыктандыруу, электр энергиясы менен камсыздоо иштери кандай жүрүп жатат?

-«Манас Ордо» комплексинде жана Р.Алканов атындагы  ат майданда Улуттук Көчмөндөр оюнуна карата биз тараптан бир катар иштер жасалууда. Алсак: Манас Ордо комплекси баруучу Талас-Тараз-Суусамыр автожолундагы Кырк-Казык айылындагы  бурулушка автоунааларды токтотуучу жайды жарыктандыруу үчүн  -14 даана прожектор орнотулду. Манас Ордо комплексиндеги суу түйүндөрүн электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн суу заборго бир даана тирөөч  аба чубалгысы менен орнотулуп  электр энергия менен камсыз кылынды. Андан тышкары комплекстеги боз үйлөр тигилүүчү “Боз үйлөр” шаарчасын жарыктандыруу үчүн – 17 даана тирөөч аба чубалгысы менен орнотулду  жана ошондой эле  30 даана прожекторлор коюлат.  Болжол менен 170 боз үйгө жарыктандыруу киргизилет. 110/10 «Кең-Кол» көмөкчордонунан чыккан Манас 10 кВ аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өттү.  Ал эми Р.Алканов атындагы ат майданда болсо 35/10 кВ «Беш-Таш» көмөкчордонунан чыккан Кара-Дөбө 10кВ аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өтүп, ат майданды  жарыктандыруу үчүн - 4 даана тирөөч жана 26 прожектор менен орнотулду. Ат майдандын кире беришиндеги арканы жана трибунаны куруу иштерине Талас филиалынын техникалары жардам берүүдө. Кыскасы улуттук көчмөндөр оюндарын ойдогудай өткөрүү үчүн колубуздан келген салымызды, жардамыбызды берип жатабыз.

Факты.кж гезити

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.