Чүй электр тармактар ишканасы мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Опубликовано: 23 сентября 2022

Чүй электр тармактар ишканасы жалпы Кыргызстандыктарды мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! 33 жыл мурун, тактап айтканда 1989-жылы 23-сентябрда, Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Айтмакчы, биздин тил –эң байыркы тилдердин бири, муну орхоно-енисей жазуулары да тастыктайт. Ошол эне тилибизди сүйүү, аны барктоо ар бирибиздин ыйык милдеттерибиздин бири!  Чүй электр тармактар ишканасы кыргыз тилин жайылтууга өз салымын кошуп келет: иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, райондук электр тармактарда кыргыз тил кабинеттери ачылган жана катардагы адистерге кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган, байыркылыгы тууралуу, өткөн жолун тастыктаган далилдерди келтирүү менен кыргыз таануучулардын катышуусунда жылына бир нече жолу семинарлар өткөрүлүп келет!  

Майрамыныздар менен, урматтуу Кыргызстандыктар!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон, 
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар, 
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.

Алтынбек Исмаилов

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.