Инфографика

   
d1-1 d2-1

Башкы бет

«Северэлектро» ААКнын Талас филиалында кыргыз тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү...

“Адеп, ыйман жана маданият жылынын” негизинде 23-сентябрь-Кыргыз тил күнүнө карата «Северэлектро» ААКнын Талас филиалына караштуу шаардык тармагында иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында шаардык электр тармагынын базасында боз үй тигилип, алты бакан курулуп, кыргыз элинин эзелтеден баккан жан-жаныбарлары  байланып, куштары тапталып турду. Бул атмосфера катышуучулардын көнүлүн кыргыздын тилине гана бурбастан, анын дилине, руханий байлыктарына жана мурастарына багыттады.

Talas-1

Иш-чара КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, «Северэлектро» ААКнын жана Талас филиалына караштуу райондук электр тармактардын жетекчилери, Талас облустук социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн, “Салбуурун” федерациясынын өкүлдөрүнүн катшыуусунда өттү. Ачылышын шаардык тармагынын жетекчиси Нурдин Осмонов тил жөнүндө кызыктуу баян менен баштады.

IMG 6939Ал эми сөз кезегин алган «Северэлектро» ААКнын башкы директору Искендер Кадыркулов куттуктоо сөздөрүн айтып, тилчилердин биздин коомдогу ролу чоң экенин жана мурунку кетирген кемчиликтерди оңдоп, туура багытта кетээрине ишеничин билдирди. “Тил-элдин тарыхы. Дүйнөдө биздин тилге тең келе турган тил жок, муну биздин “Манас” эпосу дагы бир жолу тастыктайт”,-деди И.Кадыркулов.

Мындан сырткары, башкы директор келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө басым жасап, Талас филиалына оңдоо иш-чараларын жүргүзүүгө атайын техникаларды тапшырды. “Бул техника менен өзү эле татаал электр куроочу  жумушу бир аз болсо да жеңилдейт. Техника сиздерге, сиздер элге кызмат кылып жүрө бериңиздер”,-деген тилеги менен «Северэлектро» ААКнын башкы директору бөлүштү.

Жыйынтыкта катардагы адистер өздөрүнүн таланттарын чакан концерттик программасында тартуулашты: тил жана мекен жөнүндө ырлар ырдалып, “Кара жорго”, “Сынык” бийлери бийленип, күүлөр чертилип, монологдор айтылып жана баланы бешике бөлөө боюнча ырым-жырымдарды камтыган кыскача спектакль коюлду.

Talas-2

 

 

Анонс

anonssШаршемби күнү, 20-сентябрда, саат 11:05 КТРКнын Биринчи маалымат радиосунда өлкөбүздүн энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалары тууралуу (реформанын бирден бир элементи “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу) Егинбаева Иринанын суроолоруна

Мадалбеков Алмаз Бакбурканович - “Түндүк электр” ААКнын электр энергияны сатуу бөлүмүнүн жетекчиси

Какенов Сарман Сансызбаевич – Бишкек ш. сатуу кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу жооп беришет

Катышуучуларга суроолорду түз эфирден төмөнкү телефондору менен берсеңиз болот

(0312) 39-21-90

(0312) 65-66-04

 

20-сентябрда Бишкек шаарындагы электр тармактарынын профилактикалык иштери боюнча участоктордун тизмеги (оңдоо иштерине байланыштуу электр энергия үзгүлтүкө учурашы ыктымал)…

Райондук электр тармактары

Участок

Саат

Себеби

тарта

чейин

Чыгыш

Орто-Сай а. (Рысмендеев, Ормокеев, Подгорная, Иманалиев көч.)

08:30

 

17:00

 

1113 ТКЧ капиталдуу оңдолот

Красный строитель конушу (Сары-Челекская, Барнаульская, Нурекская, Дубосековская көч., Ак-Сайский, Беш-Кунгейский тар көч.)

09:00

 

18:00

 

өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен №№ 614, 1351 ТКЧ тараган 0,4 кВ аба чубалгыларын монтаждоо

Нижний Токолдош а. (Т.Айтматов, Балтийская, Калинин көч.)

09:00

18:00

“Восток-6” БПны техникалык тейлөө

Тунгуч кичирайону (№36 үй)

09:00

17:00

үй ичиндеги тармактар оңдолот

Батыш

Чүй чоң көч. (№170 үй)

09:00

 

17:00

 

үй ичиндеги тармактар (дефектерди жокко чыгаруу)

Жениш, Ак-Босого конуштары  (Чуй 20-Чуй 25 көч.), Чон-Арык а. (Ямбургская, Луговая, Школьная көч.)

09:00

 

18:00

№№2698, 3211, 1626 ТКЧ капиталдуу оңдолот

Шорин, Тоголок Молдо, Ташкентская, Исанов, Шаумян, Кудрук, Куренкеев көч.

өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен №34 ТКЧ тараган 0,4 кВ аба чубалгыларын монтаждоо

 

20-сентябрда Чүй облусундагы электр тармактарынын профилактикалык иштери боюнча участоктордун тизмеги (оңдоо иштерине байланыштуу электр энергия үзгүлтүкө учурашы ыктымал)...

Толугу менен...

 

«Северэлектро» ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн алты миңден ашуун турмуш-тиричилик абоненттердин электр жарыгын аралыктан өчүрүүнү мерчемдөөдө...

«Северэлектро» ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 19, 20-сентябрда алты миңден ашуун турмуш-тиричилик абоненттердин электр жарыгын аралыктан өчүрүүнү мерчемдөөдө.

Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик абоненттердин карызынын суммасы биринчи сентябрга 63,4 млн. сомду түзөт.

Эске салсак, «Северэлектро» ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алууда. «Мобильник», «QIWI»  төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банка» кассаларынан жүргүзүлгөн  электр энергия эсептери тууралуу билдирме «Северэлектро» ААК маалымат базасына ошол замат түшөт. Эми “акылдуу” эсептегич (ЭКЭАМЧАС эсептегичи) орнотулган керектөөчүлөрдүн өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу «Северэлектро» ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан соң, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

 

 

«Северэлектро» ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы бир катар ишканалардын жана мекемелердин электр жарыгын өчүрүүнү мерчемдөөдө...

Өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 20-сентябрдан тарта республикалык бюджеттен каржыланган Бишкек шаарындагы абоненттердин электр жарыгын өчүрүү мерчемделүүдө. Республикалык бюджеттен каржыланган борбордогу абоненттердин карызынын суммасы биринчи сентябрга 8,5 млн. жакын сомду тузөт, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржыланган абоненттердики-3,8 млн.сом

«Северэлектро» ААК керектөөчүлөрдүн карыздарын толук төлөбөгөндүгү келе жаткан күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө чоң таасирин тийгизерин баса белгилейт.  

 

 

collcent


Калькулятор
Дата с:
по:
кВтч:
Баланс абонента

Л/С:

edokno

profail2

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Шериктештер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сүрөт
img_3346.jpg
< Аяк оона 2017 >
Д Б Ш Ш Ж И Ж
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
Пайдалуу шилтемелер
Баннер